Бишкекте 10 күн бою "дыйкандан соода кылып кетиңиз" жарманкеси өтөт

Бишкектеги "Дыйкан" базарында 10 күнгө созулган жарманке өтөт. "Дыйкандан соода кылып кетиңиз" жарманкеси 18-сентябрдан 28-сентябрга чейин уланарын "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан кабарлашат.

Анда жер-жемиш, эт, сүт жана башка азык-түлүктү арзан баада сатып алууга болот.

"Сатыкка чыккан азыктардын сапатына тиешелүү мамлекеттик кызматтар тарабынан санитардык көзөмөл жүргүзүлөт. Базардын жалпы коопсуздугу, таштанды жыйноо жана санитардык тазалоо, суу, электр энергиясы менен камсыздоо иштерин "Кыргыз темир жолу" ишканасынын түзүмдүк бөлүмдөрү жана филиалдары ишке ашырат", - дешет мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан