"Булар менен мышык-чычкан ойнобоңуз". Айрым артисттер президенттен саясатчыларды жазалоону суранышты

Айрым артисттер өлкө башчы Садыр Жапаровдон саясатчыларды жазалоону суранып, кайрылуу жазышкан. Бул тууралуу бир нече коомдук ишкерлер социалдык тармактагы баракчаларына жазып чыгышты.

Кайрылууда:

"Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева аттуу жарандар баштаган 17-сентябрь күнү жүз миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз деген лозунг менен массалык маалымат каражаттарына маек берди. Аны колдогон беш-алты бала курал-жарак чогултуп жатат имиш.

Жогорудагыларга эмне керек? Урматтуу Садыр Нургожоевич, булар менен мышык-чычкан ойнобоңуз. Артыңызда бери дегенде 80, ары дегенде 90 пайыз эл турабыз. 2016-жылы түрк эли Эрдоганды кандай колдоп алса, так ошондой колдоп алабыз. Мындайларга катуу чараларды көрүңүз! Жумшак болбоңуз. Болбосо мамлекетибизди жоготуп алабыз. Митинг дегенди уккубуз келбей калды.Тажадык", - деп жазылган.

Акын Менди Мамазаирова:

"Бүгүн бир каттын айынан коомчулукта ызы-чуу болуп жатканын билбептирмин. Кечке съёмкада жүрүп, кечинде көрдүм. Сонунбүбү Кадырова эк-үч күн мурда мага чалып: "Эже, Туйгуналы Абдраимов ызы-чуу уюштурмакчы болуп жатыптыр, кат жаздык кол коюп бересизби?" деди. Мен коомдогу ызы-чуудан тажагандыктан макул дегем, бирок кол коюп берген эмесмин. Катты көргөн да эмесмин. Ал эми каттагы белгиленген адамдар мен сыйлаган инсандар. Алар тууралуу мен жаман пикир айтышым мүмкүн эмес. Жылдызкан Жолдошова, Ахматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Курсан Асанов тууралуу мен тескери пикир билдиришим да мүмкүн эмес. Менин атымды мен көрбөгөн, мен кол койбогон каттарга пайдалана беришкени туура эмес", - деп жазып чыккан.

Ал эми мамлекеттик ишмер Ахматбек Келдибеков кайрылуу жазган адамдарды жоопко тартыш керектигин жана бул шайлоо алдында эл ишенимине ээ болбой калабыз деп корккон айрым бир саясий күчтөрдүн арамза ойлорунун жыйынтыгы деп билерин маалымдаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
modem4999
2021-09-16 01:28:24
Акыры адилеттик, чындык кимдер тарапта болсо ошолор женет
+3
nazira...
2021-09-16 07:45:15
Жалаң оштун чимкириктери го. Не болушту экен буларга.
-9
Antiradikal3
2021-09-16 11:18:09
Шайлоо жакындап, Садыр менен Камчы сасык саясат оюнун баштаптыр, ар кимди каралатып, жалаа жаап, камап. Мен ушундай тушундум...

Ал эми кайрылуу жасагандар бийликтен жугунду куткон даканса чимкириктер... Азыр Жапаров менен Ташиевдин артында бир ууч эле дакансалар калган. 80-90% эмес, 30-40% колдоочусу жок азыр бул экоонун.......

Шайлоодо бул экоонун партиялары Биримдик менен Мекеним Кыргызстандын ийгилигин кайталаса, админ.ресурс, акча керемет жараткан болот.....
-2
Baktyluu_bolgum_kelet
2021-09-16 21:27:29
Сонунбүбү эже жөн эле жүрсө болмок,карыганда калжаңдап бузуку болбой.Эч ким деле тааныбайт,бир пияр кылып алыптыр да өзүн даканса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан