Орусиялык ырчы МакSим оорудан кийин биринчи жолу кызы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады

Орусиялык ырчы МакSим ооруканадан чыккандан кийин биринчи жолу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына тун кызы Александра менен түшкөн сүрөтүн жарыялады.

Маалыматка ылайык, эки сүрөт сейилдөө учурунда тартылган. Сүрөттөрдөн көрүнүп тургандай, МакSим абдан арыктап кеткен. Ал сүрөттөргө билдирүү калтырган эмес.

Буга чейин бир жарым ай жасалма комада жаткан ырчынын салмагы 35 килограмм болуп калгандыгы кабарланган.

Эске салсак, ырчы МакSимдин өпкөсүнүн 40 пайызы жабыркап, ооруканага жаткырылганы 16-июнда белгилүү болгон. Кийинчерээк андан дагы бир илдет аныкталып, ырчы оор абалда жасалма комада жаткандыгы кабарланган. Өз кезегинде орусиялык ырчы Стас Барецкий аны акыркы сапарга узатуу зыйнатына жардам берүүгө даяр экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nukura_jigit
2021-09-16 08:23:06
Супер инфо бул инсан тууралуу силерге айлык төлөгөндөй жаздыңар го. Аябай фанаты окшойсуңар.
0
KG-312
2021-09-16 18:32:22
Бул артисттер таппай эле турат экенда, өлүп атса деле сүрөткө түшүп публикага жарыялап ёптылар
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан