Биз социалдык тармакта

Түптө кутуга салынган окуучу бийлик өкүлүнө "тартуу кылынды". Окуянын чоо-жайы

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылындагы орто мектепте биринчи коңгуроо салтанатында кутуга салынган окуучу айыл өкмөт башчысынын орун басарына сюрприз кылынган. Бул көрүнүш социалдык тармакта кызуу талкууну жаратты.

SUPER.KG порталы окуя тууралуу Түп айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Канат Курманалиевге байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдирди.

"Аны эмнеге жиберишкенин билбейм. Учурда кыз тумчугуп калса эмне болот деп баары сөгүп жатышат. Чыгыңыз дешкенинен билбей эле чыккам. Ал нерсе акимге даярдалган экен, аким барбай калган. Мен айыл өкмөт башчысынын ордуна баргам. Куттуктоо сөзүн сүйлөп, андан соң мени ортого чакырышты. Чыксам ушул кутуну ачып коюңуз, сюрприз дешти. Ачсам эле 1-класска келген окуучу кыз жылмайып чыга калды. Аны көтөрүп, бетинен өөп, жакшы каалоо-тилектеримди айттым.

Кутунун үстү ачык экен, үстүнө беш-алты шарларды коюп лента менен байлап коюшкан экен. Лентаны тартканда эле шарлар өйдө учту, кыз шак эле тура калып жылмайыңкы карады. Мектеп кызматкерлеринен сурасам, бул нерсени уюштургандан мурун окуучу кыздын ата-энесинен уруксат алышкандыгын айтышты. Аларга сюрпризиңер орой болуп калды деп айттым", - деп билдирди Курманалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
KaGaH
2021-09-16 11:26:36
Кошоматчылардын кылбаганы жок пай пай пай
+16
muku.85
2021-09-16 11:38:57
Кыздын ордуна мектеп директору озу тушуп колуна гул кармап алса кошаматчылыктын туу чокусу болмок аттин
+29
bond02
2021-09-16 11:38:58
Уюштуруучуларды жумуштан алгыла.
+14
Antiradikal3
2021-09-16 12:54:52
Копкон байларга сойку тартуулаганга окшоп калыптыр...

Качантан бери адамды тартуулап калгансынар? Же илгерки кул, кун деген тушунукко кайтып жатасынарбы колхоз бийликтин шарапаты менен?!......
+20
aidinaernur
2021-09-16 13:11:51
Мааниси кандай ошондо
+7
Erik2018
2021-09-16 14:09:41
Откондо бир ырчы ушундай коропка менен ырдап чыгып элди тан калтырган идеяны ошондон алышканго бирок туура эмес корунуш. Кичине кызды белек кылгыдай ал эмне игрушка беле белек беле мээси ордундабы тиги мугалимдердин.
+8
Ak_Bulut
2021-09-16 14:12:51
Кыз ыйлап чыкса болмок экен, жүрөгү түшүп.
Кыз молодец, чоңдордун кошоматын колдоптур
+3
aslan_akjol89
2021-09-16 14:19:58
Эн туура эмес иш болуптур.Адамды тартуу кылган бул жеткен акмакчылык.Буюм эмес го.
+9
Asmat84
2021-09-16 15:33:55
Барган сайын эле пакта койгондор көбөйүп баратат
+2
Belek1710
2021-09-17 11:58:48
Уйдөн билим албай, мектептен билим алууга ашыккан окуучунун образы болсо керек да, үстү ачык дейт го.
-3
Sajakat14
2021-09-17 12:03:42
Belek1710, үстү ачык болгон күндө дагы адам буюм эмес бирөөгө белек катары тартуулагандай.
+2
Belek1710
2021-09-17 12:15:08
Sajakat14,Белекке тартуулаган док, сюрприз деп атат го, белеке эмес, подарок же белек демек.
-2
JaneEr
2021-09-17 12:27:18
Жалан мээси жоктор иштесе ошода
+3
Dembele84
2021-09-17 13:29:00
Кок мээлер,кошоматчылык кылууга башка эч нерсе жок калыптырбы?
+2
Antiradikal3
2021-09-18 13:31:15
Уюштуруучулар бут жумуштан алынышы керек..... Айыл Окмоттун орун басары да, ошол уюштуруучулардын тарабын алып жатат.......
0
Ak_Bulut
2021-09-18 18:19:23
Түптө кутуга башка "сюрприз" салышчу эле го ) , буларга не болгон.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан