ИИМ: "Алмаз Сарыбаев кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди"

ИИМ сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бир нече тергөө амалдарын жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ИИМдин тергөө кызматы тарабынан "бийликти күч менен басып алуу" беренеси көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча материал иликтенип жатат.

"14-сентябрь күнү кылмышты жасоого шектүү катары Курсан Асанов кармалып, Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ал эми 15-сентябрда Алмаз Сарыбаев кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Андан сырткары сотко чейинки өндүрүштү тергөө учурунда күбө катары бир нече Жогорку Кеңештин мурдагы жана азыркы депутаттары, мурда иштеп кеткен мамлекеттик кызматчылар суракка алынган. Бүгүнкү күндө бул сотко чейинки өндүрүш боюнча дагы бир катар тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kuban-1207
2021-09-16 12:26:02
Бузуку элди экиге бөлүп жарган саясатчыларды бүт камаш керек антпесе мамлекетте өнүгүү болбойт
0
Asmat84
2021-09-16 15:38:46
Kuban-1207, туура айтасың бирок чын төгүнүн далилдеп туруп камаса... Же мамлекетти бөлүп жарандар бүт эле түштүктөнбү
+3
alimbek94
2021-09-16 15:37:35
Курсан Асановтун камалышынын артында Ташиев турат. Курсан Ташиевтин негизиги атандашы болчу негизи.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан