Биз социалдык тармакта

Дүкөндөн чыккан бойдон дайынсыз. Бишкекте 22 жаштагы Азиза Темирбек кызы изделет

Бишкекте 22 жаштагы Азиза Темирбек кызы дайынсыз болуп изделүүдө. Ал 14-сентябрда дүкөндөн чыккан бойдон жүргөн жери белгисиз болууда. Бул туурасында Биринчи Май РИИБинин маалымат кызматынан кабарлашат.

Маалым болгондой, 14-сентябрда шаар тургуну укук коргоочуларга арыз менен кайрылган.

"Ал 1999-жылы туулган кызы Азиза "Башмачок" дүкөнүнөн 14-сентябрда саат 14:00 чамасында чыккан бойдон кайтып келбегенин айткан.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталды. Учурда кыздын жүргөн жерин аныктоо боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан