Айрым маданият өкүлдөрү өлкө башчы Садыр Жапаровдон бир канча саясатчыларды жазалоону суранып, кайрылуу жазышканы социалдык тармакка тараган.
Кайрылуу катын жазган акын Сонунбүбү Кадырова бул боюнча SUPER.KG порталына өз пикирин билдирип, кайрылуунун тексти өзгөрүп кеткенин айтты.
"Өлкөнүн тынчтыгына салым кошуу максатында айрым маданият кызматкерлери менен телефон аркылуу сүйлөшүп, макулдугун алуу менен кайрылуу катын жазгам. Мен аларга өлкөдө митинг болбосун, тынчтыкта жашайлы деп кайрылуунун мазмунун түшүндүрүп бергем, бирок толук окуп берген эмесмин. Алар макулдугун беришкендиктен, кайрылуунун тушуна аты-жөнүн жана телефон аркылуу макул экендигин жазгам. Ошентип кайрылууну президентке бергени кетип баратсам, Венера Пирматовага жолугуп калып ага да айтып түшүндүргөм. Ал дагы макулдугун берип, кол койгон. Ошондо кол койгондордон экөөбүз болдук, анан кайрылууну почта кутучасына таштап койгом.
Негизи кайрылуу эки беттен турат. Кийин интернетке тарап кеткен кайрылууну карасам, биринчи бети өзгөрүп кетиптир. Ортодо катты алып, өзү каалаган адамдары кошуп, өзүнүн кызыкчылыгына пайдаланган адамдар болуп жатат. Биринчиден, мен кайрылууга бир гана Туйгуналы Абдраимовду жазгам, башка саясатчыларды жазган эмесмин. Алардын эмне кылып жаткандарын да билбейм. Курал-жарак деген жактары да мага тиешелүү эмес. Экинчиден, ал кайрылуу түздөн-түз президентке барышы керек эле. Эмне болуп интернетке тарап кеткени мага дагы табышмак болуп жатат. Ким аркылуу тараганын иликтеш керек.
Мен өзүм жакында парламенттик шайлоого партияны жетектеп барайын деп жаткам. Эгерде мени барбасын деп атайын уюштурулган топ болсо, мен барбай деле коём. Мен элдин тынчтыгын бузгандыгымды моюнума коюп беришсе, жооп берүүгө даярмын. Бул кайрылуунун ушунчалык маанилүү болуп кеткенине таң калып жатам.
Кайрылуумду өзгөртүп интернетке таркаткан адам табылса, аны менен маңдай-тескей отуруп алып сүйлөшөт элем. Ошондо маселе чечилет эле", - дейт Кадырова.
Мындан тышкары өзүнүн жазган биринчи кайрылуусу компьютерден өчүп калганын жана азыркы учурда издеп жатканын кошумчалады.
Ал эми кайрылууда аты-жөнү жазылган Кыргыз эл акыны Менди Мамазирова ал катты көрбөгөндүгүн фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. Эл акынынын айтымында, Кадырова ал менен байланышып өлкөгө митинг, ызы-чуунун кереги жок экенин белгилеп, өлкө башчысына кат жазганын айткан. “Мен ызы-чуу керек эмес деген пикирге кошулгам, бирок ал катка кол койгон эмесмин, анда аты жазылгандар мен сыйлаган саясатчылар”, - деп жазды Мамазаирова.
Ошол эле учурда кайрылуу каттын аягында аты-жөнү көрсөтүлгөн проффесор Үмүт Култаева дагы ушундай тариздеги билдирүү таратты. “Митингдерге каршымын, бирок кайрылуу катты көргөн эмесмин”, - деди Култаева.
Интернетке тараган кайрылууда бир канча саясатчылардын аты аталган.
"Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Ахматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева аттуу жарандар баштаган 17-сентябрь күнү жүз миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз деген лозунг менен массалык маалымат каражаттарына маек берди. Аны колдогон беш-алты бала курал-жарак чогултуп жатат имиш", - деп жазылган.