Электрошокер менен коркутуп, колун скотч менен байлап. Бишкектин Ак-Босого конушунан үйдү тоноого кирген шектүү кармалды

Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тоноо фактысына шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 14-сентябрь күнү Биринчи Май РИИБине арыз менен аял киши кайрылган. Арызда ошол эле күнү саат 19:00 чамасында Ак-Босого жаңы конушундагы үйүнөн аны белгисиз бирөө электрошокер менен коркутуп, колун скотч менен байлап, 12 миң сом акчасын алып, андан ары из жашыргандыгын билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Териштирүү иштеринин натыйжасында, шектүү катары 2000-жылы туулган О.А. аттуу жаран кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Милиция кызматкерлери кармалган шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жогун териштирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nuret94
2021-09-17 08:44:11
Чимкирик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан