SUPER.KG порталынын кабарчысы Айзада Кыдырмышева 10-сентябрдан баштап Казакстан, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсүнүн медиа өкүлдөрү менен биргеликте иш сапары менен Азербайжан өлкөсүндө болду.

1993-жылдан бери Армения өлкөсүнүн оккупациясы алдында калган Карабахты 2020-жылы 44 күн ичинде Азербайжан өзүнө толугу менен кайтарды.
Азербайжандын аскерлери ушул Карабах тоолорунан ашып өтүп, Шуша шаарын армян аскерлеринен ийгиликтүү бошотуп алышкан.

Ата мекен үчүн жанын аябаган миңдеген аскерлер Карабах үчүн курман болгон. Бирок алардын аракети текке кетпей, Карабах ээсине кайтты.

Бул жерлерде бир жыл мурун согуш кайнап турган. Бактыга жараша, 29 жылдан бери уланып келген согуш аягына чыгып, азыр Карабахта тынчтык өкүм сүрүүдө.

