реклама
super.kg logo

Өзбекстандан келген музыканттар Бишкекте искусство боюнча жолугушуу өткөрөт

 

Бишкекте Өзбекстандан келген өнөр адамдары искусство боюнча жолугушуу өткөрөт. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, "ArtOfDiversity (Чеберчиликтин ар түрдүүлүгү)" деген темада ачык жолугушуусу өтөт.

Иш-чара Өзбекстандын чыгармачыл ишмерлери менен региондогу массалык тренддердин чегинен чыккан искусство тренддерин актуалдаштыруу темасында эркин талкуу форматында өтөт. Жолугушуунун катышуучулары Борбор Азиядагы альтернативдүү искусствонун келечеги жана Өзбекстанда аткарылып жаткан арт-долбоорлор жөнүндө айтып беришет.

Ошондой эле негизги спикерлер Ашот Даниелян менен Никита Макаренко арт-менеджердин ишмердүүлүгүнүн технологиялары жана чыгармачыл компоненти жөнүндө сүйлөшүшөт жана ошондой эле музыкалык карьера, көркөм активдүүлүк жана драма боюнча өз тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.

Жолугушуунун уюштуруучулары көркөм чөйрөнүн өкүлдөрүн диалогго катышууга чакырышат.

Иш-чара 19-сентябрда саат 16:00дө "Сорос-Кыргызстан" фондунун кеңсесинде өтөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
178786;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: