ЖАМК: "Айбек Калиев менен Салайдин Авазов жаза мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу эркиндикке чыкты"

"Улуттук энергетикалык холдинг" ишканасынын мурдагы башчысы Айбек Калиев менен "Электр станциялары" ишканасынын мурдагы башчысы Салайдин Авазов жаза өтөө мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу эркиндикке чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына ЖАМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат катчы алар качан эркиндикке чыкканын айткан жок.

"Башка эч кандай маалымат бере албайбыз", - дешти басма сөз кызматынан.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБинде өндүрүштүк кырсык болуп, шаардагы үйлөргө берилген жылуулук 7 күнгө төмөндөгөн. Кытайдан алган 386 миллион доллар менен жаңыланган ЖЭБге карата сын-пикирлер күчөгөн. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө бир топ жооптуу кызматкерлер кармалган. Кийин КСДП бул боюнча билдирүү таратып, өндүрүштүк кырсык Бишкек ЖЭБинин жаңыланган бөлүгүндө эмес, эски бөлүгүнөн чыкканын белгилеген. Анда: "1961-жылы пайдаланууга берилген ЖЭБди реконструкциялоо шаарды кыйроодон аман алып калды. Мына ошол кыйроонун алдын алгандар бүгүн камакта отурушат", - деп жазылган.

Андан кийин Жогорку Кеңеш ЖЭБдеги аварияга байланыштуу өкмөттүн 2017-2018-жылдардагы күз-кыш мезгилдерге даярдыгын "жетишерлик эмес" деп таап, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча токтомду караган.

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталып жаткандар мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков, депутат Осмонбек Артыкбаев, "Улуттук энергохолдингдин" мурунку директору Айбек Калиев, "Электр станциялары" ишканасынын мурунку жетекчиси Салайдин Авазов, "Электр станциялары" ишканасынын башчысынын мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоону башкаруу боюнча топтун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов жана мурдагы каржы министри Ольга Лаврова.

2019-жылдын 6-декабрында Айбек Калиевди Свердлов райондук сотунда күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
mirlan2084
2021-09-17 10:48:28
кырсык 2018 болгон
0
Tursunbaev1978
2021-09-17 10:56:15
Тез эле бүтүп калыптырго жаза мөөнөттөрү,15-20 жыл бериш керек эле
+2
Mister-XXX
2021-09-17 15:00:28
Tursunbaev1978,Он беш жыл бериптир.Камалгандан бери он беш жыл отуп кеткен имиш.
+1
Suior85
2021-09-17 11:12:43
Тоок урдагандарга 5жыл неге аларга 3жыл
+1
aslonur
2021-09-17 11:19:28
15жылды 2жылда өтөп койсо таң калыштуу иш болуптур, бул не дегендик экен?
+1
Apyn8793
2021-09-17 12:10:14
Конкретно кускан окшойт авама
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан