16-сентябрда Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Жамааттык коопсуздук боюнча кызматташтык уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин кезектеги саммити болуп өттү. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өткөн саммитке уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчылары (Ооганстандан башка), анын ичинде Кыргыз өлкөсүнүн президенти Садыр Жапаров да катышты. Ал эми Орусиянын президенти Владимир Путин видео байланыш аркылуу катышкан.
Жыйындын жүрүшүндө Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы көйгөйлүү маселени көтөрүп чыкты. Ал аталган чек ара аймагындагы чыңалуунун сакталып турганын белгилеп, уюмга мүчө бардык мамлекеттерди буга өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Мындан тышкары региондогу абалды эске алуу менен бир катар сунуштарды, анын ичинде ЖККУга мүчө болгон мамлекетке уюмга мүчө башка өлкө тарабынан куралдуу кол салуу болгон учурда уюмдун алкагында ыкчам чара көрүү жана чечим кабыл алуу механизмдерин иштеп чыгууну сунуштаган.
Аталган окуядан көп өтпөй орус басылмаларында өлкө башчы Садыр Жапаровдун саммитте айткан жогорудагы сунушуна ар кандай баасын берген орусиялык саясатчылардын жана эксперттердин билдирүүлөрү тарады.
Алардын арасынан биринчилерден болуп Мамлекеттик Думанын Коргоо комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Александр Шерин пикирин билдирди. Орусиядагы басылмалардын бирине берген маегинде ал Садыр Жапаровдун демилгесинен кандайдыр бир маанини көрбөй жатканын билдирген.
"Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын ортосундагы тирешүүлөр Орусиянын коопсуздугуна эч кандай таасирин тийгизбейт. Албетте, ЖККУга мүчө мамлекеттер ар дайым ынтымактуу команда болуп, бири-биринин коопсуздугу үчүн иш жүргүзүшү керек. Кандайдыр бир карама-каршылык жаралса аны чечүүгө аракет кылышы керек. Бирок ЖККУга мүчө мамлекетке уюмдун курамындагы башка бир өлкө тарабынан куралдуу кол салуу болгон учурда уюмдун алкагында ыкчам чара көрүү механизмдерин иштеп чыгуу сунушу жамааттык коопсуздуктун маанисин камтыган келишимдин принциптерине туура келбейт", - деп билдирген ал.
Ошондой эле Александр Шерин Кыргыз өлкөсү менен Тажикстан ич ара жаңжалдарын өз алдынча чечип алышы керектигин айтып чыккан. Ал эми Орусия алардын ишине кийлигишпеш керек деген оюн билдирген.
"Алар тез арада тил табышканы жакшы. Бул абалда Орусияны ыңгайсыз абалга калтырбашы керек. Орусиянын аралашуусун үмүт кылуу бул үй-бүлөдөгү "апаңды жакшы көрөсүңбү же атаңдыбы? Байкеңди тандайсыңбы же эжеңдиби? деген мисалга окшош болуп калбайбы? Орусия кантип бир тарапты тандап кете алат? Бул таптакыр туура эмес нерсе", - деген ал.
Ал эми постсоветтик изилдөөлөр борборунун илимий кызматкери Станислав Притчин дагы Садыр Жапаровдун сунушуна күмөн саноо менен карай турганын айтып чыккан.
"Садыр Жапаровдун бул сунушу бир аз абсурд сыяктуу сезилүүдө. Анткени уюмга мүчө өлкөлөрдүн позициясы окшош жана тышкы коркунучтарга бирге жооп беришет. Бирок кыргыздар бул жаатта дайыма өзгөчө аракеттеги өлкө болуп келет. Эске салсак, 2010-жылдагы Ош окуясында ошол учурдагы лидер Роза Отунбаева дагы жаңжалды чечүүгө ЖККУнун аралашуусун суранган эле.
Ал эми учурдагы сунуш коңшулар менен болгон маселени өз алдынча чече албагандыктан жоопкерчиликти башкаларга оодара коюу аракети гана", - деп билдирген Притчин.
Мындан тышкары ал Орусия кыргыз тараптын мындай демилгесин колдобойт деп эсептерин белгилеген.
"Тажикстан Ооганстандан келип жаткан коркунучтарга каршы күрөшүүнүн алдыңкы сабында экендигин эсибизден чыгарбашыбыз керек. Анткени алар Борбор Азиядагы Ооганстан менен чектешкен эң узун чек арага ээ. Ал эми кыргыздарда мындай көйгөй жок. Ошондуктан Орусиянын аскердик жардамы биринчи кезекте Тажикстанга келет. А бул нерсе кыргыздардын тынчсыздануусун жаратат", - деп кошумчалаган Станислав Притчин.