Биз социалдык тармакта

Бийликти күч менен басып алууга шектелип жаткан Алмаз Сарыбаев ачкачылыкты улантып жатат

Бийликти күч менен басып алууга шектелип жаткан Алмаз Сарыбаев ачкачылыкты улантып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда SUPER.KG порталына Акыйкатчы институтунан маалымдашты.

"Биздин кызматкер убактылуу кармоочу жайга кирип жолугуп чыкты. Анда Сарыбаев ачкачылыкты улантып жатканын айткан", - деди басма сөз кызматынан.

Буга чейин Алмаз Сарыбаев Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү аркылуу акыйкатчы Токон Мамытовго жазуу жүзүндө кайрылып, бүгүн, 17-сентябрь күнү саат 16:00дөн тартып ачкачылык акциясын баштай турганын маалымдаган. Алмаз Сарыбаев бийликти күч менен басып алууга шектелип 16-сентябрда кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан