Пермь: Ок чыгарган 18 жаштагы Тимур Бекмансуров өлтүрүлдү деген маалымат тарады (алгачкы кадрлар)

"Бүгүн, 20-сентябрь күнү Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинин имаратына кирип ок чыгарган 18 жаштагы Тимур Бекмансуров өлтүрүлдү", - деген маалыматты Орусиядагы айрым жергиликтүү ЖМКлар жазууда.

Маалыматка ылайык, жарыяланган сүрөттө Бекмансуровдун эки бутуна бинт байланганы, аны эки дарыгер карап жатканын көрүүгө болот. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга аракет кылышкан, бирок майнап чыккан эмес. Тергөө комитети "Эки же андан көп адамды өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Азыр университеттин аймагында "Тез жардам" кызматтары жана ыкчам кызматкерлер иштеп жатат. Бирок ошол эле учурда Орусиянын айрым басылмалары окуу жайга кирип барып ок аткан адам тирүү экенин жазышууда.

Буга чейин Бекмансуров кол салуусун 10-класстан баштап эле даярдап жатканы белгилүү болгон. Ал жазып калтырган катында эч кандай террордук уюмдун мүчөсү эмес экенин баса белгилеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Nursul
2021-09-20 15:20:05
Ырас эле кылышыптыр, болбосо бирөөнү атсак да бул.
-1
Kanybekov94
2021-09-20 15:36:44
Кыргыз экенби
-1
Miraida-toktosunova
2021-09-20 15:55:53
Озбек улутундагы адам окшойт
-1
Gulina90
2021-09-20 18:00:37
Татар окшойтко
0
Tariel_tt
2021-09-20 18:01:03
Кыргызга же мигрантка тиешеси жок. Бул орус жараны Татар же Башкыр улутунун окулу
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан