Бүгүн, 20-сентябрда Пермь крайындагы изилдөө университетинде ок чыгарган 18 жаштагы Тимур Бекмансуров тирүү. Бул тууралуу Орусиянын Тергөө комитетине таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазды.
Буга чейин орус басылмалары ал кармоо учурунда жарадар болгондон кийин каза болгондугун жазышкан. Бекмансуровдун өлүмү тууралуу маалыматты Пермь крайынын губернатору да ырастаган. Бирок акыркы маалыматтар боюнча, Бекмансуров дагы эле тирүү. Анын абалы оор экендиги кабарланды.
Тимур Бекмансуровдун ок чыгаруусунан 8 адам каза болуп, 24 адам жаракат алды. Өз кезегинде Орусия президенти Владимир Путин каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.