Түркмөнстанда бийлик атадан балага өтөбү? Мыйзам чыгаруучу орган Эгемендик майрамын утурлай жыйынга чогулуп жатканы айтылды

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов 22-сентябрда 40 жашка толот. Бул аталган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, президенттик орунга бара турган адам үчүн эң төмөнкү жаш курак болуп эсептелет.

Ал эми өлкөнүн башкы мыйзам чыгаруучу органы болгон Халк Маслахаты 27-сентябрдагы Эгемендүүлүк майрамын утурлай чоң жыйынга чогулганы жатат. Адатта Халк Маслахаты өлкөдөгү эң маанилүү чечимдерди чыгаруу үчүн гана жыйынга чогулат.

Мына ушул катарлаш келген эки маанилүү окуя Түркмөнстан бийлигин атадан балага мураскор катары өткөрүү үчүн жасалып жаткан кадамдарбы деген ойго түртүүдө. Мындай пикирин Түркмөнстандагы журналист Брюс Панниерге таянуу менен бир катар маалымат каражаттары жазып чыгышты.

"Өлкө башчынын уулу Сердар Бердымухамедов акыркы жылдары мамлекеттик телеканалдардан жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан түшпөй, байма-бай аты аталып жаткан адамдардын бири. Ал спортчуларга жана артисттерге тез-тез сыйлыктарды тапшырып, балдар үйлөрүнө байма-бай каттап, алар менен баарлашууларды көп өткөрөт.

Мурда өлкөдө маанилүү окуя болгон учурда президенттин аты аталса, акыркы мезгилде Сердар Бердымухамедов көбүрөөк алдыңкы планга чыгып жатканы байкалып жатат", - деп жазат Борюс Панниер.

Сердар Бердымухамедов 2016-жылы жогорку окуу жайды аяктаган. Ал эми 2016-жылы күтүүсүз орун алган шайлоодо парламентке келген. Көп өтпөй аталган шайлоодо добуш берүү Сердар Бердымухамедов депутат болуп жарыялангандан кийин болгону аныкталган. Ошондой эле ага чейинки кызматкер шайлоого чейин кызматын тапшырып бергени маалымдалган.

Бердымухамедов азыр дагы депутаттык кызматта. Мындан тышкары ал өлкөнүн вице-премьерлик кызматын да аркалайт. Ушул күнгө чейин ал мындан башка бир катар мамлекеттик кызматтарды аркалап келген.

Маселен, тышкы иштер министринин орун басары, губернатордун орун басары, ошондой эле Ахал вилаятынын губернатору болуп иштеген. Андан тышкары өнөр-жай жана курулуш министри болгон. Андан соң министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, жогорку көзөмөл палатасынын төрагасы жана улуттук коопсуздук кеңешинин мүчөсү болуп да иштеген.

Бул кызматтардан тышкары да Бердымухамедов Түркмөнстандын жогорку символдорунан болгон Түркмөн алабайы биримдигинин жана Ахалтекин асыл тукум жылкылары биримдигинин президенти болуп саналат.

Ал эми өткөн жайда Токио Олимпиадасына өлкө делегациясын жетектеп барган. Муну менен катар улуттук курама команданын ардактуу машыктыруучусу кызматына да дайындалган.

Олимпиададан кайтып келгенде өлкө тарыхында алгачкы Олимпиада медалын алып келген оор атлетчи Полина Гурьевага да унаа белек кылган.

Сердар Бердымухамедовдун мындай иштери "бийлик мураскорго калчудай" деген божомолго бир себеп болсо, учурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун ден соолугу күндөн-күнгө начарлап жатат деген имиштер экинчи себеп экендигин айтат Панниер.

"Гурбангулы Бердымухамедов көп жылдан бери кант диабети менен күрөшүп келет. Ал мамлекеттик телеканалдар аркылуу спорт менен машыгып жаткан учурларын байма-бай жарыялап турганына карабастан, акыбалы оорлошуп бара жатканы тууралуу имиштер чындыкка жакындап барат. Буга 2019-жылы бир топ убакытка таптакыр көрүнбөй кеткени да бир далил", - деп жазган Борюс Панниер.

Анын айтымында, бийликти мураскорго өткөрүүгө даярдык көрүлүп жатканын мына ушул эки себеп айгинелеп турат. Дагы бир көңүл буруучу жагдай, өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамы.

Чынында 27-сентябрь Түркмөнстандын Эгемендүүлүк майрамы эмес. Бул күн 2017-жылы Түркмөнстан өткөргөн Азия оюндарынын акыркы күнү катары белгиленип келген.

1997-жылдан 2017-жылга чейин өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү 27-октябрда белгиленип келген. Ал эми 2018-жылы Эгемендүүлүк күнү 27-сентябрга жылдырылган.

"Халк Маслахаты аталган майрамда жыйынга чогулууга милдеттүү эмес. Адатта алар өтө маанилүү чечимдерди кабыл аларда гана чогулат. Демек, бул жолкусунда бир нерсе болчудай", - деген ал.

Буга кошумча Гурбангулы Бердымухамедов президенттик кызматка дайындалган соң аталган мыйзам чыгаруучу органды таркатып жиберген. Бирок 2017-жылы кайрадан калыбына келтирип, жогорку мыйзам чыгаруучу орган макамын берген.

"Бул жылы саясий театрды көрүүгө баары даяр. Ал Эгемендүүлүк күнүндө", - деп жазып калтырган соңунда Борюс Панниер.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан