Атактуу мушкер Мэнни Пакьяо Филиппиндин президенттигине ат салышат

Бокс тарыхындагы мыкты мушкерлердин бири Мэнни Пакьяо Филиппиндин президенттигине талапкерлигин расмий түрдө жарыялады. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, президенттик шайлоо май айында өтөт. 2020-жылдын ноябрында сегиз салмак боюнча мурдагы Дүйнө чемпиону өлкөнүн башкаруучу партиясын жетектеген.

42 жаштагы Пакьяо август айында өткөн WBA'дин (Бүткүл дүйнөлүк бокс уюму) "супер чемпиону" титулу үчүн болгон беттеште кубалык Йорденис Угаска жеңилип калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан