Орусиянын Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде болгон окуяда каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
"Орусия Федерациясынын Пермь шаарынын компетенттүү органдарынын алдын ала маалыматы боюнча, 2021-жылдын 20-сентябрында Пермь мамлекеттик улуттук изилдөө университетинде болгон окуяда жабыркагандардын жана каза болгондордун арасында Кыргыз жарандары жок", - деп айтылат маалыматта.
Окуянын чоо-жайы:
20-сентябрда саат 11:00 чамасында белгисиз адам Орусиянын Пермь шаарындагы мамлекеттик университетинде ок чыгарып, андан 4 адам жабыркаган. Кийинчерээк ок чыгарган 18 жаштагы Тимур Бекмансуров аттуу жаран өлтүрүлгөнүн орусиялык басылмалар жарыялаган. Ал Пермь шаарындагы изилдөө университетине ок атууга кеминде 6 ай даярданган. Ок атуудан 8 адам каза таап, 28 адам жабыркаган. Ошондой эле Пермь шаарындагы изилдөө университетинде ок атуудан улам каза болгондор үчүн 21-сентябрь Аза күтүү күнү деп жарыяланды.