20-сентябрда Пермь шаарындагы изилдөө университетинде ок чыгарган 18 жаштагы Тимур Бекмансуров жергиликтүү оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат, ага операция жасалды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, Бекмансуровдун абалы оор деп бааланууда. Ал кармоо учурунда октон көкүрөгүнөн, курсагынан жана колу-бутунан жаракат алган.
“Бирок ал наркоздон ойгонуп, өзүнө келет. Ошондой эле айланасында эмне болуп жатканын угат жана дарыгерлердин сөздөрүнө жооп бере алат. Тимур азыр жандандыруу бөлүмүндө, ал эми укук коргоо органдарынын кызматкерлери ал жайгашкан оорукананын бардык кабаттарында нөөмөттө туршат”, - деп айтылат маалыматта.
Окуянын чоо-жайы:
20-сентябрда саат 11:00 чамасында Орусиянын Пермь шаарындагы изилдөө университетинде 18 жаштагы Тимур Бекмансуров аттуу жаран студенттерге жана мугалимдерге ок чыгарган. Аталган окуу жайда үч миңге жакын студент болгон.
Каза болгондор жана жаракат алгандар боюнча:
Буга чейин ок атуунун кесепетинен 8 адам каза таап, 28и жаракат алганы маалымдалган. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, Тимур Бекмансуровдун ок чыгаруусунан 6 адам набыт болуп, 24 адам жабыркаган. Жабыркагандардын тогузунун абалы оор деп айтылууда.
Аталган окуу жайга ок чыгарган 18 жаштагы Тимур Бекмансуров тууралуу:
Тимур Бекмансуров ок чыгарууну алгач өзү окуп кеткен мектебинде жасоону чечкен. Бирок ыңгайлуу деп Пермдеги изилдөө университетин тандаган. Ал кол салуусун 10-класстан баштап эле даярдап жатканы айтылган. Ошондой эле Бекмансуров жазып калтырган катында эч кандай террордук уюмдун мүчөсү эмес экенин баса белгилеген.
Ал ок атууга кеминде 6 ай даярдангандыгы маалым болгон. Тимур Huglu Atrox T Pump Synt 12/76 үлгүсүндөгү түрк мылтыгын колдонгон. Көп өтпөй курал саткан дүкөндө анын ок-дарыларды сатып алып жаткан видеосу тараган. Баса, дүкөндөн анын 105 даана ок-дары сатып алгандыгы боюнча да маалыматтар бар. Ал эми мылтыкты 20 миң рублга сатып алган.
Окуя болгон жерден полиция кызматкери Константин Калинин Тимур Бекмансуровду бутка атып кармаган. Анын жанында мылтыктан тышкары ок-дарылары жана бычагы болгон.
Буга чейин орус басылмалары ал кармоо учурунда жарадар болгондон кийин каза болгондугун жазышкан. Бекмансуровдун өлүмү тууралуу маалыматты Пермь шаарынын губернатору да ырастаган. Бирок акыркы маалыматтар боюнча, ал жандандыруу бөлүмүндө, абалы оор деп кабарланууда.
Мындан тышкары аталган аймактын губернатору 21-сентябрды каза болгондор үчүн Аза күтүү күнү деп жарыялады.