"Мен үчүн сыймык". Калмыкиянын мурдагы башчысы Кирсан Илюмжинов Таластын ардактуу атуулу болду

Орусиянын Калмыкия Республикасынын мурдагы башчысы Кирсан Илюмжинов Талас облусунун ардактуу атуулу наамын алды. Бул тууралуу Илюмжанов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Кыргыз Республикасынын Талас облусунун ардактуу атуулу наамын алуу мен үчүн жагымдуу жана чоң сыймык. Сиздерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем жана ишеничиңизди актоого аракет кылам", - деп жазды Илюмжинов.

Мындан тышкары, ал жумушчу сапарынын алкагында Талас облусунун администрациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз ара пайдалуу долбоорлорду талкуулаган.

Кирсан Илюмжинов 2005-жылдан 2010-жылга чейин Калмыкия Республикасынын башчысы болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан