Казакстан: Оор атлетчинин өз өмүрүн кыйууга жеткирди деген башкы машыктыруучу үн катты

Коңшу казакстандык 25 жаштагы оор атлетчи Альберт Линдердин өлүмүнө күнөөлөнүп жаткан оор атлетика боюнча Казакстан курама командасынын машыктыруучусу Сергей Седов алгачкы ирет оор атлетчинин өлүмү тууралуу үн катты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, машыктыруучу Линдердин оор атлетикада чоң келечеги бар экенине ишенгенин айткан. Бирок Линдер курама командадан кетүү чечимин өзү кабыл алган. Мунун баары "Рио-2016" Олимпиадасынын алдындагы допинг-тесттен башталган.

"Допинг-контролёр келип, спортчулардан тест алган. Ошондо Альберт Линдер беш сыноодон өткөн. Анын төрт көзөмөлү таза болуп, бешинчи көзөмөл кир болуп чыккан. Анан ал Олимпиадага өтө алган эмес", - деген Седов.

Машыктыруучунун айтымында, Альберт Линдер гана эмес, Казакстан курама командасы дагы кыйын күндөрдү башынан өткөргөн.

"Анан Альберт таанылгыс болуп калды. Андан кийин мен аны бошоттум. Бул Таразда болгон. Мен машыгуудан чыгып, экөөбүз бир нече саат сүйлөштүк. Ал мага: "Мен мындай Олимпиаданы каалабайм. Андан көрө иштейин же башка нерсе кылайын. Мындай жолду кайра кайталагым келбейт" деп айткан", - деп кошумчалаган машыктыруучу.

Альберт Линдер 17-сентябрь күнү өз жанын кыйган. Кийинчерээк, анын бир тууганы оор атлетчинин өлүмүнө машыктыруучусун күнөөлөп чыккан. Бул боюнча Казакстан полициясы кылмыш ишин козгоду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан