реклама
super.kg logo

Казакстанда оор атлетчи өз өмүрүн кыйды. Буга полиция кылмыш ишин козгоду

 

Коңшу казакстандык 25 жаштагы оор атлетчи Альберт Линдер каза болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, анын жакын адамдарынын бири басылмага оор атлетчи өз жанын кыйгандыгын айткан. Эмне себептен жанын кыйганы азырынча белгисиз. Бул боюнча Алматы облусунун полициясы Кылмыш жаза кодексинин 105-беренеси ("өзүн өзү өлтүрүүгө жеткирүү") менен кылмыш ишин козгогон.

25 жаштагы Альберт Линдер оор атлетика боюнча Азия чемпиону, жаштар универсиадасынын жеңүүчүсү жана рекордсмени, Казакстандын көп жолку чемпиону болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
178719;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: