Кыргыз өлкөсүндө декреттик өргүүдөн кийин ишке чыккан аялдарга атайын кайра окутуучу жана кайра даярдоочу курстарды ачуу пландалып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ишке орноштурууга көмөктөшүү бөлүмүнүн жетекчиси Гүлмира Алканова "Спутник Кыргызстан" маалымат агенттигине берген маалымат жыйынында билдирди.
"Аялдар жети жыл же андан көп убакытка созулган декреттик өргүүгө чыгышат. Себеби алар профессионалдык тажрыйбасын жоготуп коюшууда. Учурда аялдар ишинде активдүү болушу үчүн бир нече план иштелип жатат. Ошондой эле тигүүчүлүк, компьютердик билим, SMM же сулуулук индустриясына байланыштуу курстар да ачылышы ыктымал", - деп билдирген ал.