1 миллион 116 миң сом. Корея, Германиядагы мекендештер Баткендин райондоруна жардам көрсөттү

Баткен облусунун Баткен, Лейлек райондорундагы 9 мектепке Корея, Германияда иштеп жүргөн мекендештер жардам көрсөттү. Бул тууралуу жаш активист Сыймык Саипов SUPER.KG порталына билдирди.

"Өлкөнүн кайсы жери кыйналып турса мекен ошол жер" деген сөз бар эмеспи, Баткендеги чек арада жайгашкан айылдар чынында жардамга муктаж экендигин билебиз. Мындан улам Корея жана Германияда эмгектенип жүргөн мекендештерибиз 9 мектепке 20 компьютер, 20 проектор доскасы менен, китеп жана парта, столдорду алып беришти. Жардамдын жалпы суммасы 1 миллион 116 миң 410 сомду түздү. Эл менен мекендештерибиздин ортосунда "Элим барсыңбы?!" кайрымдуулук фонду көпүрө болуп берди. Чек ара ар бирибиз үчүн маанилүү, андыктан башка мекендештерибизди дагы жардам берүүгө чакырып кетет элем", - дейт Саипов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pankration_MMA
2021-09-21 16:05:57
Толук эле жетти бекен!
0
salimbek87.kg
2021-09-21 16:58:01
Аллах раазы болсун сиздерден ишиниздер илгери болуп ийгилик коштоп жүрсүн ар дайым .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан