Бийликти күч менен басып алууга шектелип жаткан Алмаз Сарыбаев ачкачылыкты 6 күндөн бери улантып жатат. Акыйкатчы институтунан маалымдашкандай, учурда анын абалы канааттандырарлык.
"Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбордун кызматкерлери менен болгон сүйлөшүүдө Алмаз Сарыбаев кылмыш ишинин мыйзамсыз козголушуна нааразы болуп, 15-сентябрдан бери ачкачылык жарыялагандыгын билдирди. Бул тууралуу кармалган адам убактылуу кармоочу жайдын жетекчилигине 17-сентябрда маалымдаган.
Бүгүнкү күндө Сарыбаевдин жалпы абалы канааттандырарлык. Анын ден соолугун көзөмөлдөө үчүн убактылуу кармоочу жайга эки ирет "Тез жардам" кызматы чакыртылган", - деп белгилешти улуттук борбордон.
Белгилей кетсек, "Толубай" коммерциялык банкынын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаев бийликти күч менен басып алууга аракет кылганга
шектелип кармалган. 16-сентябрда шаардын Биринчи Май райондук соту шектүүнү эки айга камакка алган. 14 күндүк карантинден өткөндөн кийин, ал Бишкек шаарындагы №1 тергөө изоляторуна которулушу күтүлөт.