Изделип жаткан 16 жаштагы Хадича Болотбекованын жансыз денеси суу сактагычтын боюнан табылды

Чүйдө үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп изделип жаткан 16 жаштагы Хадича Болотбекованын жансыз денеси табылды. Бул туурасында бүгүн, 21-сентябрда Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Хадича Болотбекованын жансыз денесин Серафимовка жана Туз айылдарынын тургундары суу сактагычтын жээгинен табышкан.

"Денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, зордук-зомбулуктун белгилери аныкталган жок. Кыздын жансыз денеси туугандары тарабынан таанылды. Учурда окуянын чоо-жайы териштирилүүдө", - дешти мекемеден.

Белгилей кетсек, Хадича Болотбекова 15-сентябрь күнү таңкы саат 05:00 чамасында Ысык-Ата районунун Жайылма айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп, туугандары тарабынан издөөгө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Dembele84
2021-09-21 17:42:36
Саат 5те каяка жоноду экен байкуш кыз
+3
Tursunbaev1978
2021-09-21 18:28:34
Dembele84,психический ооруйт деген
-4
Medina87
2021-09-22 01:09:28
Dembele84,
Тан намазга.....
+2
bek.94
2021-09-22 01:10:52
Medina87,таң намаз деген болбойт
-7
Medina87
2021-09-22 01:21:59
bek.94,
Тан Намаз болбосо Кандай аталат Кыргызча???
СААРКЫ НАМАЗ?,
-2
KG-312
2021-09-22 03:41:04
Medina87, Туура эле "Таң намазы" болот.
-2
Medina87
2021-09-22 01:32:21
bek.94,
Тан эмес Танкы Намаз Т 9 Жолдо калды Сенин алдында))))
+1
Mister-XXX
2021-09-22 20:04:20
Medina87,Танкы намазды "Багымдат"деп аташат.
0
Azat-123
2021-09-22 13:28:36
Багымдат намазы болот Туугандар
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан