Президент БУУнун Башкы ассамблеясындагы кайрылуусунда Ооганстан тууралуу айтты

Президент Садыр Жапаров "Үмүт аркылуу туруктуулукту жогорулатуу - COVID-19дан кийинки кайра жаралуу, туруктуу калыбына келүү, планетанын муктаждыктарына жооп берүү, адам укуктарын сыйлоо жана Бириккен улуттар уюмунун ишин активдештирүү" темасына арналган БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында видеокайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Ооганстандагы акыркы кырдаалга байланышту биздин тынчсыздануубузду белгилебей коюуга болбойт. Биз беш жүз оогандык жаштарга биздин университеттерде билим алуусуна мүмкүнчүлүк бере алабыз. Ошондой эле муктаж болгондорго биринчи кезекте Ооганстандын Чоң жана Кичи Памириндеги этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөтө алабыз.

Ооганстандан БУУ мекемелерин эвакуациялоо жүрүп жатканын эске алып, Кыргыз өлкөсү аларды Бишкекте убактылуу жайгаштырууну сунушайт. Буга байланыштуу БУУнун башкы катчысынан биздин сунушка көңүл бурууну өтүнөм.

Ошондой эле Ооганстандагы түзүлгөн кырдаалдан улам Борбордук Азиянын коопсуздугу алдыңкы планга чыгууда. Ооганстандагы коомдук-саясий туруктуулук жана тартип тез арада орнооруна ишеним артабыз.

Өз кезегинде Кыргыз өлкөсү террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча ар тараптуу иштерди жүргүзүүдө, БУУнун Глобалдык террорчулукка каршы стратегиясынын жоболорун, БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюцияларын, БУУнун Коопсуздук кеңешинин террорчулукка каршы комитетинин аткаруучу дирекциясынын сунуштарын ак ниеттүүлүк менен аткарууда.

Мисалы, Кыргыз өлкөсүндө буга чейин жүргүнчүлөр тууралуу алдын ала маалымат системасы жана террорчулардын кыймылын эл аралык көзөмөлдөө үчүн жүргүнчүлөрдү каттоо боюнча маалыматтар киргизилген.

Биз ошондой эле Сириядагы жарандарыбызды, аялдарды жана балдарды мекенине кайтарууда БУУнун жана кызыкдар мамлекеттердин колдоосуна ишенебиз.

Ошол эле учурда биз террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөшүү үчүн гана эмес, баңгизат жана курал, адам сатуу, кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана кибер мейкиндик жаатында мыйзамсыз иш жүргүзгөн трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка каршы эл аралык аракеттерди активдештирүүгө чакырабыз.

Кыргыз өлкөсү Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында Бишкек шаарында Эл аралык уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү борборун түзүү маселесин иштеп чыгууда.

Жалпысынан алганда, эл аралык коопсуздукка заманбап чакырыктар менен коркунучтарга каршы туруу жана чыр-чатактардын алдын алуу үчүн БУУнун уставынын 8-бөлүмүнүн аныктамасына кирген аймактык түзүмдөр маанилүү ролду ойношу керек деп эсептейбиз.

Өз кезегинде Кыргыз өлкөсү мүчө же катышуучу макамында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги, Жамааттык коопсуздук келишими уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Азия жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмелеринин алкагында ар тараптуу кызматташат", - деген президент Садыр Жапаров.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан