Биз социалдык тармакта

Бишкекте ити тиштеп алган кожоюндун эки колу кесилди

Бишкекте ити тиштеп алган кожоюндун колу кесилди. Мындай маалымат Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан маалым болду.

Белгилүү болгондой, бейтап 15-сентябрда "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага кайрылган.

"Бейтап эки билеги, санынын бир канча жери тиштелген, тарамыштары, булчуңдары, кан тамырлары, нервдери жабыркаган абалда ооруканага келип түшкөн. Микрохирургдар дароо консилиум өткөрүшүп, бейтаптын ийининин үчтөн бир бөлүгүн, тагыраагы, эки колун тең кесүүнү чечишти. Учурда бейтаптын жалпы абалы орто оор, тиешелүү дарылануудан өтүп жатат", - дешти мекемеден.

Министрликтен кошумчалашкандай, бейтапка өзүнүн ити кол салган.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан