Бишкектеги мектептердин биринин дубалында Чынгыз Айтматовдун "Ак кеме" чыгармасындагы Нургазынын сүрөтү пайда болду. Бул тууралуу социалдык тармактарга окурмандардын бири жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, аталган сүрөттүн автору DOXA арт-группасы экени жазылган.
Буга чейин Бишкектин Токтогул Сатылганов жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу үйдүн сыртына "Токио-2020" жайкы Олимпиадасында күмүш медаль тагынган Айсулуу Тыныбекованын сүрөтү тартылган.