Бишкекте унаа уурдоого шектелип өспүрүм балдар кармалды

Бишкекте унаа уурдоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-сентябрда Бишкек ШИИББинин "102" кызматына А.А. аттуу жаран кайрылып, түнкү саат 00:30 чамасында үйдүн жанында токтоп турган Хонда Одиссей үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жарандар айдап качып кеткенин билдирген.

Милициянын кайгуул кызматкерлери жана ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе шектүү катары 2004-жылы туулган У.А. жана 2006-жылы туулган Б.Ч. аттуу жарандарды кармашып, Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришти.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-берене (Автотранспорт каражаттарын айдап качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан