Жумгалда мал уурулук фактылары боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Жумгал РИИБине 23-июль күнү Жумгал районунун Түгөл-Сай айылынын тургуну 1990-жылы туулган Т.Э. Жумгал РИИБине 22-июлдан 23-июлга караган түнү мал короосунан 6 баш кою жоголгонун билдирген.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталган.
Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Жумгал районунун тургундары 2000-жылы туулган А.А., 1999-жылы туулган С.У. жана 2001-жылы туулган Ж.К. аттуу жарандар кармалып, толугу менен күнөөлөрүн моюнга алышкан. Шектүүлөр мындан башка да мал уурулук фактыларына катыштыгы бар экендиги аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.