Депутат: "Жүк ташуучу 17 унаага жүктөлгөн аткезчилик алтын концентратын кытайлар чыгарып кетишиптир. Кимдер күнөөлүү?"

Өлкөдө аткезчилик жолу менен ташылып баратканы үчүн кылмыш иши козголгон алтын концентратын Кытайга алып чыгып кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 22-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Аккулу Бердибаев билдирди.

“17 жүк ташуучу унаага жүктөлгөн аткезчилик алтын концентраты "Эркеч-Тамда" токтотулуп турду эле. Кечээ, 21-сентябрда лицензиясын жаңылады деп “Эркеч-Там” эмес “Достук” бажы өткөрмө пункту аркылуу кытайлар чыгарып кетиптир. Министрлердин, бажынын деңгээлиндеги коррупция токтобой жатат. Кечээ эле мыйзам бузуу боюнча каралды эле. Буга кимдер күнөөлүү? Азыркы Мамлекеттик бажы кызматынын башчысы “Мен билбей калыптырмын. Балдар чыгарып жибериптир. “Достуктан” чыгарып поездге жүктөп кетишиптир” деп айтты. Мындай боло берсе мамлекеттин оңолушу кыйын болот. Ушул маселени карап чыгуу керек. Мунун үстүндө дагы чоң акча жүрүп жатат”, - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Asmat84
2021-09-22 17:29:47
Мурунку эле система мурунку эле көрүнүштөр.
Эл козуно гана кырышасы жокторду акча таштабагандарды кармап атышат
+4
Ak_Bulut
2021-09-22 18:16:18
Туй ата... , эмне деген акчалар
+5
modem4999
2021-09-22 19:59:22
Эч ким билбей калыптыр да мейли эчтеке болбойт 17 эле фура турбайбы
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан