Бүгүн, 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү. Кыргыз тили - Кыргыз Республикасынын негизги калкынын, кыргыз улутунун тили. Эне тилди сүйүү ар бир атуулдун адамдык парзы, тагыраагы эне тил - адамдын кан-жаны менен кошо бүткөн, боор эт менен тең, эч нерсе менен алмаштыргыс ыйык дөөлөтү, сыймыгы.
Мамлекеттик тил күнүнө карата эне тил тууралуу жазылган акындардын ыр саптарын сунуштайбыз. Ал эми кээ бир ыр саптары кыскартылып берилди.
Эне тилин унуткандар
Чырмалышкан иштин да чатышы бар,
Чындыктын да чыгышы, батышы бар.
Чытырмандын Кудайы пил эле эмес,
Чымындын да жашоого акысы бар.
Сайдын дагы башталган башаты бар,
Саяпкердин сактаган такасы бар.
Өрөөндөгү кенедей өзөндүн да,
Өз тилинде чардаган бакасы бар.
"Кыргызмын" дейсиң мага,
Кыйшактап бийлеп туруп,
"Кыргызмын" дейсиң мага,
Кыргызча араң сүйлөп туруп.
Кыргыз эмес кыргызды жыдыткандар,
Кылым кезген тарыхын унуткандар,
Кыргыз эмес кыйшайтып калпак кийип,
Кадыр-баркын калкынын куруткандар!
Тил жоголбойт,
Жоголсо, жоголот дил,
Уулуң дагы, кызың да жоголот, бил!
Тил жоголбойт, жоголсо айланасың,
Колу-бутсуз мунжуга тоголок бир!
Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес.
Жыргагандын баары эле турмуш эмес,
"Жылт" эткендин баары эле жылдыз эмес.
Билебиз деп төштөрүн каккан менен,
Билбегендер өз тилин кыргыз эмес!
Автор: Шайлообек Дүйшеев
Кантип айтам?
Эх кыргызым, ойлончу эсти жебе,
Эне-атаңдын айтканын эски дебе.
Тарыхты сен тарс атып салган менен,
Таңдайыңа сайылат эски жебе!
Какшап келем: доо кетип балдарыңа,
Каргыш сөзгө кабылып калбагыла.
Бурмаладык тилди деп кантип айтам,
Бабалардын байыркы арбагына?!
Уу чалканды мойнума артам дагы,
Улутумдун азабын тартам дагы.
Унуттук деп тилимди кантип айтам,
Урпактарга уялбай аркамдагы?!
Тилсиз элдин тукуму курут болгон,
Тилин сактап калган эл улут болгон.
Ата салтын, мурасын унуткандар,
Акыр түбү тирүүлөй дудук болгон.
Ташты сыгып тарыхты тапкым келет,
Тилимди мен туу тутуп өткүм келет.
Эне тилин эсирип чангандарды,
Эне тилде ашатып сөккүм келет!
Автор: Алтынбек Исмаилов
Тил баркы
Тилиң сени кантип жолдо калтырсын,
Тилди чансаң эне-тилдин анты урсун.
Кыл учунда турган кезде чегинбей,
Кыраандар да тил деп өлгөн ал турсун!
Көкүрөктө эрибеген көк муз бар,
Көчмөндүгүн тааныбаган тексиз бар.
Кечээ эле келип алып айылдан,
Тилин чанат, орусчалап көп кыздар.
Көйрөңдөрдүн мине турган төөсү миң,
Көмкөрүлүп ары жатат кээсинин.
Өгөйлөнүп жата берип кор болду,
Ачыш керек эне тилдин эшигин!
Калба тилим таманында чоң жолдун,
Кайратың бар каруусундай оң колдун.
Кадырыңды тепсеп жүрөт төбөңдө,
Кадыры жок көп балдары чоңдордун.
Дал ушулар Ата-Журттан тыш калган,
Дүйнөсү да, кебетеси бүт жалган.
Ой-туюму такыр калбай кыргызча,
Орус тилдин түтүнүнө ышталган.
Чыккынчылар мекен суусун ичпесин,
Чоңдун баары кыргыз тилде иштесин.
Журтуң үчүн сүйлөбөгөн тилиңди,
Жулуп ыргыт, андан көрө ит жесин!
Автор: Бердибек Жамгырчиев
Тилдин ыйы
Үзүлүп ажыраган булут сымал,
Үмүтсүз шамал жандуу куруткурлар.
Үрөйү учкан алсыз эне тилим,
Үргүлөп кеткенби дейт улутчулдар.
Улуулар баскан жолдун агымында,
Улуу тил неге калды жарымында?!
Ушунча таш жүрөкпү уул-кызым?-деп,
Учурдун күйүп-жанат жалынында.
Жаркыган мекенимде жылдыз элем,
Жалтылдап өз ордуман жылгыс элем.
Жарадар жан дүйнөмдү айыктырчу,
Жардамчы элим кайда кыргыз деген?
Апасын – «мама» - десе муунум бошоп,
Арманын ыр сап менен уулуң кошот.
Айласы кеткен байкуш эне тилим,
Ай сайын муңуна бир муңун кошот.
Далайга баркым кетип тепселендим,
Далайда барып анан эске келдим.
Дарексиз турсам дагы ушул чакта,
Даректүү ошол күндү эскеремин.
Кырк жылда бир да байып көбөйбөдүм,
Калкыма кереги жок көйгөйлөндүм.
Куйкалап күйүт эзип көкүрөктү,
Карайлап өз элимде өгөйлөндүм.
Сүйлөнбөй кыргызча так бурмаландым,
Сыйланбай баркым кетип жулмаландым.
Сыртымдан сабырдансам, ичтен сыздап,
Саргайган казаны жок тулгадаймын.
Ээси жок жетим жандай бүлүктөнөм,
Эскерип эски күндөн үмүт көрөм.
Эзелки элим менен келечекте,
Эне тил өлбөйт го деп үмүттөнөм.
Таарынып, ыйлап жатат эне тилим,
Тагынып буйрукталган тагдыр жибин.
Тышкы тил кызмат кылбайт өз тилиңдей,
Таштаба эне тилиң элим билгин!
Автор: Акбар Кубанычбеков