Биз социалдык тармакта

20 жаштагы кызды Токтогулга ала качып бара жаткан жигит "Сосновка" постунан кармалды (сүрөт)

Чүй облусунун "Сосновка" постунан 20 жаштагы кызды ала качып бара жаткандар кармалды. Бул туурасында Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашат.

Белгилүү болгондой, бүгүн, 23-сентябрда саат 03:00 чамасында Ак-Ордо-3 конушунда 20 жаштагы кызды ала качып кеткендиги тууралуу маалымат укук коргоочуларга келип түшкөн. Анда белгисиз жарандар Ауди үлгүсүндөгү унаа менен кызды ала качып кетишкен.

"Чүй облусу боюнча "Перехват" планы жарыяланып, "Сосновка" постунан Ауди унаасы токтотулду. Унаада кыз менен бала бар экени аныкталды. Алгачкы суракта белгилүү болгондой, кызды эркине каршы никелешүү үчүн Токтогул районуна ала качып бара жатышкан.

Учурда 1998-жылы туулган жаран Сокулук райондук тергөө кызматына алып келинди, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Eka.kg
2021-09-23 09:50:56
Эдуард болду эмес бекен)))
0
ShaKe11
2021-09-23 19:21:06
Eka.kg,
)))
0
Sajakat14
2021-09-24 05:29:30
Жапайычылык!
0
kkkk3259780
2021-09-24 15:01:42
кире турган жерине киресин эми. тооба
0
aslan_akjol89
2021-09-25 03:56:12
Чогуу камап койбогула дагы,ИИМдин кызматкерлери.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан