Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Тараптар регионалдык коопсуздук, Ооганстандагы кырдаалды карап чыгышты, ошондой эле экономикалык өз ара байланыш маселелерин талкуулашты.
Казакбаев Ооганстан менен өз ара аракеттенүү маселелеринде региондун өлкөлөрүнүн бирдиктүү ыкмаларын иштеп чыгуунун маанилүүлүгүн белгиледи, ошондой эле азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга - мөңгүлөрдүн ээришине, уран калдык сактагычтарга, эл аралык терроризмге жана экстремизмге, соода тоскоолдуктарына биргелешип каршы аракеттенүү боюнча иштөөгө чакырды.
Тараптар Борбордук Азия өлкөлөрүнүн АКШ менен кызматташтыгынын туруктуу орнотулган форматынын алкагында активдүү өз ара аракеттенүүнү улантуу боюнча макулдашууга жетишти.
Жолугушуунун жыйынтыгында биргелешкен билдирүү кабыл алынды.