21-июнда Кеминде 16 жаштагы мектеп окуучусу Ольга Хабарова киши колдуу болгон. Кылмышка шектүү катары 1979-жылы туулган Б.К. аттуу кошунасы кармалган. Маркумдун апасы Лилия Хабарова SUPER.KG порталына соттук иштер боюнча нааразычылыгын билдирди.
"Соттук процесс кыргыз тилинде жүргүзүлүп жатат. Эч нерсе түшүнбөстөн кыргызча жазылган текстке кол койдум. Шектүү тарап кылмышты жеңилдетүү чарасын ойлонуп жатат окшойт. Өткөндө шектүүнүн энеси менен агасы үйгө келиптир. Алар "бүтпөй жаткан үйүңдү бүтүрүп берели" деп сунуш кылышты. Албетте, макул болгон жокмун. Күнөөлүү толугу менен жазасын алышы керек.
Кызым каза болгондон кийин куурап жатам. Үйдө эки балам кароосуз калды. Өзүм 8000 сомго иштейм. Эки балам үчүн жумуштан чыгат окшойм", - деп билдирди Лилия Хабарова.