"Aял зомбулукка кантип кабылып, кантип анын жанында жашап калганын өзү билбей калат экен. Ага кирип кеткенден кийин өзүңдү куткарып чыгуу кыйын болот", - дейт кайын журтунан жана жолдошунан көргөн кордугун баяндаган Назима. Ал эки баланын энеси. Учурда жалгыз уулун тарбиялайт, улуу баласы мурдагы жолдошунун колунда. Азыр Бишкекте турат. Мектепте математика жана информатикадан сабак берет.
Каарманыбыз мурдагы жолдошу менен жашап жүргөн учурун баяндап жатып ыйлап алды. Улуу баласы кайын журтунда болгону аны абдан кейитет. Күнү-түнү ичи сыздайт.
"Турмуш куруп баштаганда үйдөгү иштин баарын кылып, тамак даярдап, үйдү таптаза кармап жүрчүмүн. Бирок ичимден ойлочумун, ушунун баарын кылуу менин милдетимби деп. Бир балалуу болдук. Бир күнү кайненем шаарда жумуш жок, айлык аз, Москвага барып иштеп, акча таап, үй алалы деди. Бир жума аралыгында Москвага жөнөдүк. Кайненем “сен дагы иштешиң керек” деп небересин өзү карамак болду. Ошентип ишке чыктым. Кечинде чарчап, бутум баспай келгенимде, кайындарым "тамак жаса, пол жуу, даараткананы тынбай жууп тур" деп күндө мени жеригени күч алды. Жиним келип, мен дагы кишимин го деп уруша баштадым. Жолдошум мени бурчка такап "баарын унчукпай кыласың, кылбасаң 5-кабаттан ыргытып, өлтүрүп салабыз" деп коркутту. Балам үчүн чыдап, жашап жүрө бердим, жыл өттү, кул болдум, кыскасы. Эч несеге көңүлүм жок, жүзүмдө жылмаюу жок калды. Зомбулугу мурдагыдан дагы күчөп, бир күнү үйгө келсем, кийимдеримдин баарын чогултуп “бар кет” деп чыгарып коюшту. Баламды бергиле десем, болбой, ур-токмокко алышып, эшикти жаап коюшту.
Алтындай болгон баламды көзүмдү канатып туруп, алып алышты. Кийин менин төркүнүм акча салып, мен Бишкекке жөнөдүм. Келсем, кош бойлуу экенмин. Ойлогом, төрөсөм жарашам го деп, себеби жолдошумду өзүм жактырып тийгем. Тилекке каршы, такыр андай болгон жок. Экинчи балам төрөлгөндө, сүйүнчүлөп жазсам, ал башкага үйлөнүп алыптыр”.
Бул баяндамага юристтер эмне дейт?
Зомбулук - бул бир эле денесине залака келтирүү эмес. Аялдарга экономикалык, психологиялык зомбулук да көрсөтүлөт.
Үйдө акчаны эркек киши таап, ага көз каранды болуп, кирешеси жок отурса, акча тең бөлүштүрүлбөй, аялдын кызыкчылыгы эске алынбаса - бул аялга экономикалык басым болуп саналат. Кечке эле жемелей берсе, үйүңө жеткирип коём, таза жуу деп коркута берүү - бул психологиялык зомбулук. Дегеле зомбулук коомубузда көп кездешет, болгону аны көнүмүш адаттай кабыл алышат.
Жубайлар бири-бирин материалдык жактан колдоого милдеттүү. Аялдар айрыкча, кош бойлуу кездеринде, кичинекей балдары менен үйдө отурган кезде аярлуу болушат. Мыйзам боюнча аялы боюнда бар кезде жана баласы төрөлүп 3 жашка чыкканча күйөөсү аялына алимент төлөп турууга милдеттүү. Ошол эле учурда балага өзүнчө алимент төлөйт.
Бүгүнкү күндө соттордо аялдар өз укуктары үчүн эмес, балдарынын укугу үчүн күрөшүп жаткан учурлар көп. Каарман сотко кайрылып, улуу баласын өзүнө алганга аракет кылыш керек. Статистика боюнча соттук чечимдердин 95 пайызы аял киши тарапка чечилет. Назиманын иштеген жери, баланы бага ала турган шарты болушу керек. Баланы алгандан кийин эки баласына тең алимент өндүрүп алса болот.
Зомбулукту эч бир себеп актабайт
Юристтин айткандарын угуп: "Мен ушуну түшүндүм, азыр канчалык көп аял үй-бүлөдөгү зомбулукка каршыбыз деп айтып чыкса, балким, андай нерселер азаймак. Кайын журт келинди жумушчу күч катары көрбөй, баласынын өмүрлүк жубайы, неберелеринин апасы, аялзаты катары сыйлашы керек. Баарынан мага баламдан айрылуу аябай оор болуп турат. Көпчүлүк аялдар кайын журтунан көргөн кордугун айтуу уят деп ойлойт. Мен дагы ошондой баскычтан өттүм. Кээ бирлери иштебегени, акча таппаганы үчүн өзүн күнөөлүү сезет. Кош бойлуу болсоң, кичинекей бала менен үйдө отурсаң жолдошуң сени бакканга милдеттүү. Эч ким сени кордогонго, зомбулук көрсөткөнгө укугу, акысы жок", - дейт сөзүн жыйынтыктап жатып Назима.
Материал КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун демилгеси менен, БУУнун жана Европа Биримдигинин "Теңдик нуру" Программасынын колдоосунда даярдалды.