Ак илбирсти коргоого арналган эл аралык марафон өтөт

Бишкек шаарында ак илбирсти коргоого арналган эл аралык марафон өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган марафон жекшемби, 26-сентябрь күнү "Ала-Тоо" аянтында өтөт. Катышуучулар Бишкектин борбордук көчөлөрү менен белгиленген аралыктарга чуркашат.

"Марафондон түшкөн каражаттын белгилүү бөлүгү ак илбирсти коргоо боюнча дүйнөлүк программа үчүн жумшалат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан