Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын алдына “Кыргыз көчү” этнографиялык айылы курулуп, "Мыкты боз үй" сынагы өтүп жатат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, жалпы катышуучулар Бишкек шаарынан жана аймактардан келген.
Жыйынтыгы эртең, 25-сентябрь күнү фестивалдын расмий бөлүгүндө белгилүү болот.