Бишкектеги түнкү клубдардын биринде бийкечтин телефонун уурдаган жигит кармалды
29-октябрда Бишкек шаарынын Пушкин көчөсүндө жайгашкан түнкү клубда бир бийкеч сумкасынан баасы 9 миң сомдук "Нокиа" үлгүсүндөгү телефонун уурдатып жиберген. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы кабарлады. Милиция кызматкерлери тарабынан өткөрүлгөн “Ууру” рейдинин жүрүшүндө, кылмыштын изи сууй электе бул кылмышка шектүү делинип С.А. аттуу 27 жаштагы жигит колго түшүрүлдү. Бул факт боюнча учурда иликтөө жүрүп жатат.