Бүгүн, 25-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын Алай райондук бөлүмчөсүнө курулган жаңы имараттын ачылыш аземи болуп өттү. Ага комитеттин аймактагы өздүк курамы жана жетекчилиги, атайын кызматтын ардагерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты. Бул туурасында аталган комитеттин маалымат кызматынан кабарлашат.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Камчыбек Ташиев мындан ары да өлкөнүн аймактарындагы атайын кызматтын бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо аракети активдүү улантыларын белгиледи.
Кызматкерлерден мыйзамдуу милдеттерин так аткаруу талап кылынаарын эскертти. Айрыкча коррупцияга каршы күрөшүү, уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөшүү, чек ара коопсуздугу багыттарына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.
Аземде Камчыбек Ташиевге 2008-жылы Алай райондук администрациясы тарабынан кабыл алынып, бирок аткарылбай калганын айткан район акими, "Алай районунун ардактуу атуулу" наамын берүү чечимине ылайык бүгүн Камчыбек Ташиевге тийиштүү сыйлыкты ыйгарды.