
Кыргыз жигити Айваз Оморканов Хоккей боюнча эл аралык федерациянын Азия жана Океания боюнча вице-президенти болуп шайланды. Бул тууралуу спорттук уюмдун расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматка ылайык, спорттук уюмдун жетекчилигине шайлоо Санкт-Петербургда өткөн.
Айваз Оморканов 1996-жыл Бишкек шаарында төрөлгөн. Ал эл аралык бизнес жана экономика боюнча Пекин университетинде эл аралык экономика багытында билим алган. Ошондой эле Кыргыз улуттук университетинде окуган.
Оморканов триатлет, триатлон боюнча Кыргыз өлкөсүнүн чемпиону, триатлон боюнча спорттун чебери.
Ал буга чейин Кыргыз өлкөсүнүн хоккей боюнча федерациясынын башкы катчысы жана коомчулук менен байланыш боюнча менеджери болуп иштеген.