Президент Садыр Жапаров Валентина Шевченкону Парадайс шаарында өткөн (АКШ) UFC 266 аралаш таймаш боюнча беттештеги кезектеги жеңиши жана чемпиондук наамын коргоосу менен куттуктады. Анын куттуктоосун президенттик аппараттын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мамлекет башчы АКШ өкүлү Лорен Мёрфини ишенимдүү жеңген атамекендик спортчунун эң жогорку чеберчилигин, духунун күчтүүлүгүн жана мүнөзүнүн бекемдигин жогору баалады.
"Жалпы кыргыз элинин жана өзүмдүн атымдан ийгиликтүү жеңишиңиз менен куттуктообузду кабыл алыңыз. Биз баарыбыз сиздин жетишкендиктериңиз менен сыймыктанабыз. Сиз абройлуу эл аралык турнирлерде Кыргыз өлкөсүнүн намысын коргоп жатасыз. Алдыда дагы чоң ийгиликтер жана жаңы жеңиштер күтүп турганына ишенем", - деп белгиледи президент.
Ошондой эле Садыр Жапаров Валентина Шевченкого бекем ден соолук жана бакубат жашоо каалады.
Белгилей кетсек, Валентина Шевченко америкалык мушкер Лорен Мёрфи менен беттешип, алтынчы ирет чемпиондук курун коргой алды.