Чүй облусуна караштуу Москва районунда адам өлтүрүү фактысы боюнча оор кылмыштын бети ачылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 26-ноябрь күнү саат 14:00 чамасында аталган райондун Ак-Суу айылында адамдын жансыз денеси табылган. Ал 1950-жылы туулган Г.Н. экени аныкталып, белгисиз бирөөлөр тарабынан күч колдонуп өлтүрүлгөнү белгилүү болгон. Бул кылмыш иши боюнча Кылмыш кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышкерлерди издөө башталган. Жыйынтыгында кылмышка шектелип Москва районунун 1992-жылы туулган К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда аталган кылмышка шектүү делип дагы бир жаран изделүүдө.