Биз социалдык тармакта

Ош шаарында Болливуд жылдыздарынын катышуусунда туристтик көргөзмө-жарманке өттү

Ош шаарынын борбордук аянтында бүткүл дүйнөлүк туризм күнүнө арналган алгачкы жолу эл аралык деңгээлде "Жаңы шарттарда биргелешкен аракеттер менен туризмди өнүктүрүү, Кыргызстан-2021", "Кыргызстан Улуу Жибек жолунун бутактарында" көргөзмө-жарманкеси өттү. Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чара 26-сентябрда орун алды.
Жарманке Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм департаменти, Ош шаарынын мэриясы, эл аралык жана ата мекендик өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн колдоосу менен уюштурулду.
Расмий бөлүккө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, тышкы иштер министринин орун басары Айбек Артыкбаев, чет элден келген дипломаттар, чет өлкөлөрдүн Кыргыз жергесиндеги ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, туристтер жана өлкө боюнча чогулган жеке ишкерлер катышты.
Борбордук аянтта уюштурулган туристтик көргөзмө-жарманкеде туристтик компаниялар, жеке ишкерлер өз тармагын тааныштырып, өндүрүшчүлөр азык-түлүктөрүн көрсөтүштү.
Көргөзмө-жарманке этно-музыка, Болливуд жылдыздарынын бийлери, ата мекендик дизайнерлердин кийимдер көргөзмөсү, жергиликтүү ышкыбоздордон атайын маданий концерттик программалары менен коштолду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Zarema11
2021-09-27 13:43:45
Боллибут жылдыздарынын катышуусунда деп теманы окшотуп коюпсуңар го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан