Олимпиаданын эки жолку чемпиону Роман Власов Акжол Махмудовго: "Жакында килем үстүндө жолугабыз"

"Лондон-2012" жана "Рио-2016" жайкы Олимпиада оюндарынын чемпиону, орусиялык балбан Роман Власов кыргыз балбаны Акжол Махмудов менен жакында килем үстүндө көрүшөрүн айтты. Мындай билдирүүнү ал Акжол Махмудовдун социалдык тармактагы баракчасына жарыялаган билдирүүсүнө жазып калтырган.

"Акула, акыры жакында килемден көрүшөбүз", - деп жазды Власов.

"Менин элим муну чыдамсыздык менен күтүп жатат. Өзгөчө мен сенин үстүңөн жеңишке жетишимди", - деп жооп берди Махмудов.

Роман Власов 77 килограмм салмакта Орусиянын атынан Олимпиадага бара турган негизги талапкер болчу. Бирок ал Орусия чемпиондугунда Александр Чехиркинге жеңилип калган. Ал эми экинчи мүмкүнчүлүгү болгон Польшада өткөн турнирде венгриялык балбанга бирдей упай менен утулуп, Олимпиадага баруу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
salimbek87.kg
2021-09-27 11:00:06
Акжол ийгилик буйруса жеңиш сенде болот
+21
Akjol18
2021-09-27 11:02:30
Коркок биринчи кол көтөрөт болуп,биринчи тийишиптир.Жеңилгени ошол.
Акжол ден соолук,жеңиш каалайбыз.
+10
Datka7777
2021-09-27 12:48:11
Роман ото кучтуу спортсмен болчу! Эки жолу эмес бир жолу олимпиада чемпиону болуш кыйын
+7
Dembele84
2021-09-27 13:03:04
Акжол ошонун белин бекчейте чапчы иним!
+4
Chagylgan7
2021-09-27 13:27:17
Вообще то Роман Власов Буга чейин кыргыздарды колдоп келген.Женишке жетишкен кыргыздарга ийгилик каалап.Журокту сыгып коркок биринчи кол которот деп ,конул айнытпагылачы .
+10
Alia82
2021-09-27 15:43:22
Ооба да, жаман соз деле жазбаптыр го, тушунуп тушунбойле чычалап жатып калмай адатыбыз бар
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан