Министр жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча жети тапшырма койду

Ички иштер министри Улан Ниязбеков жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында көрүлүп жаткан чаралар боюнча онлайн кеңешме өткөрдү. Анда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында көрүлүп жаткан чаралар, коронавирус илдетине бөгөт коюу үчүн кызматкерлер арасындагы санитардык-эпидемиологиялык нормалардын сакталышы жана туристтик сезондун жыйынтыгы боюнча ыкчам маселелер талкууга алынды.
Министрликтин маалымат кызматынан кабарлашкандай, кеңешмеге ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын жетекчилери, орун басарлары катышты.
Министр жыйында ички иштер органдарынын жетекчилеринин алдына жол кыймылынын коопсуздугун сактоо, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу багытында жети тапшырма койду. Алар:
1) Коомдук жайларда, көчөлөрдө, эл көп чогулган жерлерде коомдук тартипти камсыздап, укук бузууларды алдын алып, профилактикалык иштер күчөтүлсүн;
2) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери эл арасында, айрыкча айдоочулар арасында жол кырсыктарын болтурбоону пропагандалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзсүн;
3) Эл аралык трассаларда, республикалык маанидеги жолдордо адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктарын болтурбоо үчүн атайын рейддер тынымсыз уюштурулсун;
4) Борбордук шайлоо комиссиясы, жер-жерлердеги аймактык шайлоо комиссиялары менен тыгыз иш алып барып, уюштуруу иштери боюнча жардам көрсөтүү маселелери колго алынсын;
5) Кызматкерлер шайлоо процесстерине аралашпасын, ал өзүнө гана тиешелүү кызматтык милдеттерин аткарсын жана жалпы милиция саясаттан алыс экендиги ар бир кызматкерге жеткирилсин;
6) Кызматкерлердин арасында эпидемиологиялык нормаларды сактоо, илдетке каршы эмдөөнү алуу маселеси биринчи жетекчилер тарабынан жеке көзөмөлгө алынсын. Эмдөөдөн атайылап өтпөй, жумуштан качуу үчүн медициналык кызматтардан атайын жараксыздыгы жөнүндөгү баракчаларды алып, милдеттерине салкын мамиле жасаган кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштери колго алынсын;
7) Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу ыкчам маалыматтар берилсин, эгерде чындыкка дал келбеген маалыматтар болсо төгүндөө же тактоолор өз убагында берилип турсун. Элге милициянын аткарган иштери тууралуу маалымат мезгил-мезгили менен чагылдырылып турсун.
Аталган онлайн кеңешменин жыйынтыгы менен милициянын мындан аркы ишмердүүлүгүнө байланыштуу кошумча иш пландар иштелип жана аны иш жүзүнө ашыруу боюнча уюштуруучулук чечимдер ар дайым кабыл алынат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан