Эки районго жаңы акимдер дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Дамир Кулубаев Кара-Кулжа районунун акими болуп дайындалды. Ал эми Бактибек Анаркулов Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.