УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Кумтөр" маселеси боюнча Женевага учуп кетти. Бул тууралуу анын тарапташы Өткүрбек Рахманов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.
Ал бүгүн, 27-сентябрда эртең менен Ташиев учуп кетерин жазган.
"Бүгүн, 27-сентябрь туулган күнү. Бирок Камчыбек Кыдыршаевич мамлекетибиздеги эң маанилүү болуп турган "Кумтөр" маселеси боюнча Женевага 27-сентябрь күнү эртең менен учуп кетет. "Кумтөр" боюнча тагдыр чече турган күн келиптир", - деп жазды ал.
Бул боюнча УКМКнын басма сөз кызматы маалымат бере элек.