Биз социалдык тармакта

Тажик тарап кармап кеткен 26 жаштагы Лейлектин тургуну өлкөгө кайтарылды

26-сентябрда жубайы менен Тажикстанга конокко бара жаткан Лейлек районунун тургуну Уразбек Мирзоев коңшу өлкөнүн атайын кызматынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Бүгүн, 27-сентябрда сүйлөшүүлөрдүн негизинде ал өлкөгө кайтарылды. Бул туурасында Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашат.

"Баткен жана Согдий облустарынын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин Узарбек Мирзоев "Кулунду" өткөрмө пункту аркылуу өлкөгө кайтып келди. Эки өлкөнүн компетенттүү органдары териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат", - дешти мекемеден.

Буга чейин Уразбек Мирзоев чек арадан мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган деп кармалган. Ал транзиттик маршруттук такси менен тажик тарапка бара жатканы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан